ts     Түркстан жыйнагы – XVIII кылымдын экинчи жарымынан XX кылымдын башына чейинки Орто Азиядагы түрк элдеринин тарыхын чагылдырган дүйнөдөгү сейрек кездешүүчү  594 томдон турган тарыхый булак. Жыйнакты түзүүнүн демилгечиси Түркстан крайын 14 жыл башкарган К.П.Кауфман болгон. К.П.Кауфман менен Санкт-Петербург шаарынын элдик китепканасында иштеген белгилүү библиограф И.В.Межовдун ортосунда келишим түзүлүп, 1868-жылдан тартып материал чогултуунун үстүнөн иштей башташкан. И.Межовдун 20 жылдык эмгектенүүсүнүн натыйжасында, 1867-1887-жылдары 416 томдук жыйнак даярдалган. 1888-жылдан 1907-жылга чейин бул иш кандайдыр бир себептерден улам токтотулган. 1907-жылы кайрадан улантылып, 1910-жылы библиограф Н. В. Дмитровск тарабынан 127 тому (417-543-томдор), 1911-1916 жылдары чыгыштаануучу А.А. Семенов тарабынан 48 тому (544-591- томдор) жана 1939-жылы библиограф Е. К. Бетгер тарабынан акыркы 592-594- томдору даярдалып жарык көргөн. 594-томдуктан сырткары “систематикалык көрсөткүчүн” камтыган төрт томдугу да даярдалып чыгарылган.
     “Түркстан жыйнагынын” негизги  тарыхый булактары болуп, “Военный сборник”, “Вестник Европы”, “Русский Вестник”, Исторический Вестник”, “Живая Старина”, “Голос”,“Биржевые ведомости” ж.б. көптөгөн газета-журналдар эсептелет. Жыйнакта  согуш темасын чагылдырган аскер адамдарынын рапорттору, билдирүүлөрү, макалалары жана Түркстандын жана түрк элдеринин байыркы, орто, жаңы доордогу социалдык-экономикалык, коомдук-саясий, руханий-маданий, диний, табигый-географиялык тармактары боюнча баалуу материалдар  басымдуу орунду ээлейт. Жыйнакты түзүүдө И.В.Межов менен А.А.Семеновдон сырткары окумуштуу-чыгыштаануучулар А.А.Диваев, Н.Ю.Бонч-Осмоловский, библиограф И.И.Гейерлер активтүү катышышкан.